إعدادات العرض
Бул аят: "Андан соң, ошол күнү нээмат-жакшылык жөнүндө албетте сураласыңар!" - деп түшкөндө Зубайр: "Оо, Аллахтын Элчиси, биз кандай нээмат-жакшылык жөнүндө суралабыз?…
Бул аят: "Андан соң, ошол күнү нээмат-жакшылык жөнүндө албетте сураласыңар!" - деп түшкөндө Зубайр: "Оо, Аллахтын Элчиси, биз кандай нээмат-жакшылык жөнүндө суралабыз? Тагыраагы алар эки кара курма жана суубу?" - деп айтат. Ошондо Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам: "Келечекте боло турган нерседен" - деп айтты". @*
Зубайр бин Аль-Аввам риваят кылып айтты: Бул аят: "Андан соң, ошол күнү нээмат-жакшылык жөнүндө албетте сураласыңар!" - деп түшкөндө Зубайр: "Оо, Аллахтын Элчиси, биз кандай нээмат-жакшылык жөнүндө суралабыз? Тагыраагы алар эки кара курма жана суубу?" - деп айтат. Ошондо Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам: "Келечекте боло турган нерседен" - деп айтты".
[Хасан (жакшы)] [Ат-Тирмизи жана Ибн Маажа жазып калтырган]
الترجمة
ar en my sv cs gu yo nl ur id ug bn tr si hi vi ha te sw ps as prs lt rw ne ml bs kn ku ro sq so sr uk wo tl mos ta az fa ka zh hu pt de mk ru bm mg omالشرح
Бул аят түшкөндө: "Андан соң, ошол күнү нээмат-жакшылык жөнүндө албетте сураласыңар!" б.а. Аллахтын силерге берген нээмат-жакшылыктарына шүгүр кылуу жөнүндө сураласыңар" - деп түшкөндө Зубайр бин Аль-Аввам, радыяллаху анху, айтты: "Оо, Аллахтын Элчиси, биз кандай нээмат-жакшылыктар жөнүндө суралабыз? Тактап айтканда, алар суроону талап кылбаган эки нээмат-жакшылык болгон курма жана суубу? - деп айтат". Ошондо Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: "Силер бул абалыңардагы нээмат-жакшылыктар жөнүндө сураласыңар. Тактап айтканда бул экөөсү Аллах Тааланын нээматтарынан эки чоң нээмат".فوائد الحديث
Нээмат-жакшылыктар үчүн Аллах Таалага шүгүр айтууга басым жасоо.
Кыямат күнү пенденин аз болобу, көп болобу, сурала турган нерсеси – нээмат-жакшылыктар.