Эй, Билал, намазга чакыр жана намаз менен бизди эс алдыр

Эй, Билал, намазга чакыр жана намаз менен бизди эс алдыр

Салим бин Абу аль-Жаад риваят кылат: "Бир адам айтты: "Мен намаз окуп, эс алсам гана" - деди эле сахабалар бул үчүн аны айыптагандай болушту. Ошондо ал айтты: "Мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтканын уктум: "Эй, Билал, намазга чакыр жана намаз менен бизди эс алдыр".

[Сахих (ишенимдүү)] [Абу Дауд жазып калтырган]

الشرح

Сахабалардан бир киши: "Мен намаз окуп, эс алсам гана" - деди. Анын айланасындагылар аны жемелеп жаткандай болушту. Ошондо ал айтты: "Мен Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай дегенин уктум: "Эй Билал! Азан айт жана намазга такбир айт! Биз намазда эс алабыз. Себеби анда Аллах Таалага кайрылуу жана рух менен жүрөктүн эс алуусу бар".

فوائد الحديث

Жүрөктүн эс алуусу намаз аркылуу болот. Анткени анда Аллах Таалага кайрылуу бар.

Ибадаттарга кайдыгер кароодон кайтаруу керек.

Кимде-ким өз милдетин аткарса жана анын жоопкерчилигин өтөсө, анда ал ырахат алат жана бейпилдикти сезет.

التصنيفات

Намаздын артыкчылктары, Азан жана икоомат