Мухаммаддын жаны колунда турган Аллахка ант болсун, яхуди болобу, христиан болобу бул үммөттөн ким мен (жөнүндө) угуп, кийин мен жиберилген динге ишенбей өлүп…

Мухаммаддын жаны колунда турган Аллахка ант болсун, яхуди болобу, христиан болобу бул үммөттөн ким мен (жөнүндө) угуп, кийин мен жиберилген динге ишенбей өлүп кетсе, тозок ээлеринен болот

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Мухаммаддын жаны колунда турган Аллахка ант болсун, яхуди болобу, христиан болобу бул үммөттөн ким мен (жөнүндө) угуп, кийин мен жиберилген динге ишенбей өлүп кетсе, тозок ээлеринен болот".

[Сахих (ишенимдүү)] [Муслим жазып калтырган.]

الشرح

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллахтын аты менен касам ичип, яхудий болобу, христиан болобу, же анын даават, чакырыгы жеткен башка дин өкүлү болобу, аны угуп, бирок ага ишенбей бул дүйнөдөн өтүп кетсе, тозоктун тургуну болуп, анда түбөлүк каларын айткан.

فوائد الحديث

Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) пайгамбарлыгы бүткүл ааламга жалпы тиешелүү экендигин, аны ээрчүү да баарына бирдей важыб болгондугун жана анын шарияты келгенден кийин башка шарияттардын баары күчүн жоготкондугун билдирет.

Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ишенбеген адамга, анын андан башка пайгамбарларга (аларга Аллахтын тынчтыгы болсун) ишенем деген ою эч кандай пайда бербейт.

Пайгамбарыбызды (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) укпаган жана Ислам даават, чакырыгы жетпеген адамдар кечиримдүү (себептүү). Акыретте аларга кандай өкүм чыгаруу Аллахтын колунда.

Өлүмгө аз калган учурда болсо да, катуу ооруп жаткан учурунда болсо да, өлүм сааты кекиртекке келгенге чейин Исламды моюндап пайдаланып калуу зарыл.

Каапырлардын динин, анын ичинде яхудий жана христиандардын динин да туура деп эсептөө - каапырлык.

Хадисте яхудий жана христиандарды айткан себеби, башкаларга эскертүү. Анткени, яхудий жана христиандардын (илахий, асман) китеби бар. Китеби бар диндер ушундай болгон соң, булардан башка китепсиз "диндер" андан бетер экени маалым. Булардын баарына пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) динине кирип, ага моюн сунуу ваажыб.

التصنيفات

Биздин пайгамбарыбыз Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун)