إعدادات العرض
Аллах жоопкер кылып койгон пенде, ал өлөөр күнүнө чейин карамагындагыларды алдап жүрүп өлсө, Аллах аны бейишке кирүүсүн арам кылат
Аллах жоопкер кылып койгон пенде, ал өлөөр күнүнө чейин карамагындагыларды алдап жүрүп өлсө, Аллах аны бейишке кирүүсүн арам кылат
Маъкил бин Ясар Аль-Музани, радыяллаху анху, риваят кылып айтты: Мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай дегенин уктум: «Аллах жоопкер кылып койгон пенде, ал өлөөр күнүнө чейин карамагындагыларды алдап жүрүп өлсө, Аллах аны бейишке кирүүсүн арам кылат».
[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी Kurdî Hausa Português മലയാളം తెలుగు Kiswahili தமிழ் မြန်မာ Deutsch 日本語 پښتو Tiếng Việt অসমীয়া Shqip Svenska Čeština ગુજરાતી አማርኛ Yorùbá Nederlands ئۇيغۇرچە සිංහල ไทย دری Fulfulde Magyar Italiano ಕನ್ನಡ Lietuvių or Română Kinyarwanda Српски O‘zbek Moore नेपाली Oromoo Wolof Soomaali Malagasy Български Українська Azərbaycan ქართული Lingala bm тоҷикӣ Македонскиالشرح
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Аллах Таала ар бир адамды башкаруучу жана адамдарга жооптуу кылып койгонун кабарлап жатат. Амир сыяктуу жалпы башкаруучу болобу, же өз үйүндөгү эркек жана өз үйүндөгү аял сыяктуу жеке башкаруучу болобу, айтор, ал өз кол алдындагы адамдын акысында кемчилик кетирип, аны алдап, ага насаат айтпай, анын диний жана дүйнөлүк акыларын текке кетирсе, анда ал бул катуу жазага татыктуу болот.فوائد الحديث
Бул азап имамга жана анын орун басарларына гана тиешелүү эмес. Тескерисинче, Аллах Таала жоопкер кылып койгон бардык адамдарга жалпы тиешелүү.
Мусулмандардын иштерине жооптуу болгон ар бир башчы адамдарга насаат айтуу, аманатты кайтарууга аракет кылуу, кыянат кылуудан сактануу парз.
Башкаруу чоң болобу же кичи болобу, жалпы болобу же жекече болобу, ар бир башчынын жоопкерчилиги чоң.
التصنيفات
Шарияттык саясат