Кимде-ким муаахадты (6) өлтүргөн болсо, анда бейиштин жытын жыттабайт. Анын жыты кырк жылдык алыстан жыттанып турат

Кимде-ким муаахадты (6) өлтүргөн болсо, анда бейиштин жытын жыттабайт. Анын жыты кырк жылдык алыстан жыттанып турат

Абдулла бин Амр (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Кимде-ким муаахадты (6) өлтүргөн болсо, анда бейиштин жытын жыттабайт. Анын жыты кырк жылдык алыстан жыттанып турат".

[Сахих (ишенимдүү)] [Бухари жазып калтырган]

الشرح

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) муаахадты өлтүргөн адамга катуу азап болоорун баяндап жатат. Муаахад: Ислам жергесине коопсуздук келишимин алып кирген каапыр адам. Кимде-ким аны өлтүрсө, бейиштин жытын жыттабайт. Бейиштин жыты кырк жылдык аралыктан келип турат.

فوائد الحديث

Каапырлардын арасынан муаахадты, зиммийлерди жана мустаьманды өлтүрүүгө тыюу салынган. Аларды өлтүрүү чоң күнөөлөрдөн.

Муаахад: Ислам жергесине коопсуздук келишимин алып кирген каапыр адам. Ал өз өлкөсүндө жашайт, мусулмандарга каршы согушпайт жана мусулмандар деле аны менен согушпайт. Зиммий: ал мусулмандардын жеринде отурукташып, салык төлөгөн адам. Мустаьман: белгилүү бир убакытка чейин мусулмандардын жерине коопсуздук келишимин алып кирген каапыр адам.

Мусулман эместер менен болгон келишимге кыянатчылык кылуудан эскертүү.

التصنيفات

Зиммийлердин (мусулман өлкөдө жашаган башка дин өкүлдөрү) өкүмдөрү