Ким эртең мененки жана кеч курунку намазды окуса, бейишке кирет

Ким эртең мененки жана кеч курунку намазды окуса, бейишке кирет

Абу Муса Ашари (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Ким эртең мененки жана кеч курунку намазды окуса, бейишке кирет".

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) багымдат намазы менен асыр намазын калтырбай, өз убагынан кечиктирбей окууга үндөгөн. Кимде-ким бул эки намазды талаптагыдай, өз убактысында, жамаат менен окуса, бул намаздар анын бейишке кирүүсүнө себеп болот.

فوائد الحديث

Багымдат намазы менен асыр намазын калтырбай окууда чоң артыкчылык бар; Анткени, багымдат намазы уйку аябай татуу болгон учурга дал келет. Асыр болсо иш аябай кызыган учурда. Ошондуктан, бул эки намазды калтырбай окуу башка намаздарга караганда зарылыраак.

Бул эки намаз "бардайни" деп аталат, "суукта окулчу эки намаз" деген мааниде. Багымдат намазы түндүн суугунда, дигер намазы күндүн табы кайтып калганда окулганы үчүн ушинтип аталышы мүмкүн. Ысык мезгилде болсо деле, асыр убагы андан мурунку убакка караганда салкындап калган учур болот эмеспи. Же жөн эле басымдуулугун эске алып ушинтип атаган болушу да мүмкүн. Мисалы, Күн менен Айды араптар "эки Ай" деп атаган сыяктуу.

التصنيفات

Намаздын артыкчылктары