إعدادات العرض
Өзгө да, өзгөгө да зыян берүүгө болбойт
Өзгө да, өзгөгө да зыян берүүгө болбойт
Абу Саид Саад бин Малик бин Синан ал-Худри (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Өзгө да, өзгөгө да зыян берүүгө болбойт".
[Хасан (жакшы)] [رواه ابن ماجه والدارقطني وغيرهما مسندًا]
الترجمة
العربية Español አማርኛ English اردو Indonesia বাংলা Français Türkçe Русский Bosanski සිංහල हिन्दी 中文 فارسی Tiếng Việt Tagalog Kurdî Hausa Português മലയാളം తెలుగు Kiswahili தமிழ் မြန်မာ ไทย Deutsch پښتو অসমীয়া Shqip Nederlands ગુજરાતી नेपाली Lietuvių دری Српски тоҷикӣ Kinyarwanda Magyar Čeština Moore Malagasy Oromoo ಕನ್ನಡ Wolof Azərbaycan O‘zbek Українська ქართული Македонски ភាសាខ្មែរ Bambara ਪੰਜਾਬੀ मराठी Kirundi Kurmancî Bahasa Melayuالشرح
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өзүнө жана башкаларга зыяндын ар кандай түрлөрүнөн жана көрүнүштөрүнөн сактануу керек экенин баяндады. Ошондуктан кимдир бирөө өзүнө да, башкаларга да зыян келтириши туура эмес. Зыянга зыян менен жооп берүү адал эмес. Анткени зыян зыян менен кетирилбейт. Бирок зыянды чектен чыкпастан өч алуу (касас) менен жоюуга болот.فوائد الحديث
Жазага тартылгандарды чегинен ашыра жазалоого тыюу салынат.
Аллах пенделерине зыяндуу нерселерди кылууга буйруган эмес.
Бул хадис бирөөгө тил менен, иш менен же аткарбай таштоо менен зыян берүүнүн жана зыянга зыян менен жооп берүүнүн арамдыгын билдирген эреже.
Шарият эрежелеринин бири: “Зыян жок кылынат”. Ошондуктан шарият зыян тартууга жол бербейт жана зыян келтирүүнү четке кагат.
