إعدادات العرض
Кимде-ким Аллах үчүн аялы менен жыныстык катнаш кылбай жана бузукулук иштерди кылбай ажылык кылса, анда ал энеден төрөлгөндөй күнөөлөрүнөн таза болуп кайтат
Кимде-ким Аллах үчүн аялы менен жыныстык катнаш кылбай жана бузукулук иштерди кылбай ажылык кылса, анда ал энеден төрөлгөндөй күнөөлөрүнөн таза болуп кайтат
Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылып айтат: Мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, мындай деп айтканын уктум: «Кимде-ким Аллах үчүн аялы менен жыныстык катнаш кылбай жана бузукулук иштерди кылбай ажылык кылса, анда ал энеден төрөлгөндөй күнөөлөрүнөн таза болуп кайтат».
[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Türkçe اردو 中文 हिन्दी ئۇيغۇرچە Kurdî Hausa Português മലയാളം తెలుగు Kiswahili தமிழ் မြန်မာ Deutsch 日本語 پښتو Tiếng Việt অসমীয়া Shqip Svenska Čeština ગુજરાતી አማርኛ Yorùbá Nederlands සිංහල ไทย دری Akan Azərbaycan Български Fulfulde Magyar Italiano ಕನ್ನಡ Lietuvių Malagasy नेपाली or Română Kinyarwanda тоҷикӣ O‘zbek Moore Wolof Oromoo Српски Soomaali bm Українська Tagalog rn km ქართული Македонскиالشرح
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам: «Кимде-ким Аллах үчүн аялы менен жыныстык катнаш кылбай ажылык кылса» - деген сөзүндөгү жыныстык катнаш – бул жыныстык катнаш кылуу жана ага киришүүдөн алдынкы өбүшүү жана кармалашуу экендигин баяндап жатат. Жана жыныстык катнаш – бул жаман сөздөр деп да айтылат. Ошондой эле анын «бузукулук иштерди аткарбай» деген сөзү – бул жаман иштерди жана күнөө иштерди аткарбоо экендигин баяндап жатат. Жана Ажылык учурунда тыюу салынган (1) иштерди кылуу да бузукулук иштерден болот. Кимде-ким Аллах үчүн ушуларды кылбай ажылык кылса, анда ажылыктан энеден төрөлгөндөй күнөөлөрүнөн таза ымыркай сыяктуу күнөөсү кечирилген абалда кайтарын баяндап жатат.فوائد الحديث
Бузукулук иштерди кылуу бардык учурда тыюу салынат. Ошондуктан ажылык амалдарын улуктугу үчүн ажылык учурунда бузукулук иштерден тыюу бекемделип жатат.
Инсан күнөөсүз төрөлөт жана ал өзүнөн башкалардын күнөөсүн көтөрбөйт.
التصنيفات
Ажы жана умранын артыкчылыктары