Даарат ушатууга барганыңарда кыбалага жүздөнүп отурбагыла, артыңарды да салбагыла. Чыгышка же батышка жүздөнүп отургула

Даарат ушатууга барганыңарда кыбалага жүздөнүп отурбагыла, артыңарды да салбагыла. Чыгышка же батышка жүздөнүп отургула

Абу Айуб Ансари (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан: "Даарат ушатууга барганыңарда кыбалага жүздөнүп отурбагыла, артыңарды да салбагыла. Чыгышка же батышка жүздөнүп отургула". Абу Айуб айтат: Биз Шам тарапка барганда ал жакта даараткананы кыбылага каратып салынган экен, биз бурулуп отуруп, анан Аллахтан кечирим айтып жүрдүк.

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) заара кылганы же заңдаганы даарат ушатууга барган адамды кыбылага, Кааба тарапка карап отуруудан жана ал жакка артын салып отуруудан тыйган. Тескерисинче, күн чыгышка же батышка бурулуп отурууга буйруган. Бул кыбыласы Мадинанын кыбыласы сыяктуу болгон жерлерге тиешелүү. Анан Абу Айуб (ага Аллах ыраазы болсун) алар Шамга барганда, атайын даарат ушатуу үчүн курулган дааратканалар кыбыла тарапка карап курулганын көргөнүн айтат. Ошондо алар башка бир тарапка бурулуп отуруп жүрүшкөнүн, ошого карабай Аллахтан кечирим тилеп жүрүшкөнүн айтат.

فوائد الحديث

Мунун негизги сыры ыйык Каабаны улуктоо жана урматтоо.

Даарат ушатып чыккандан кийин истигфар айтуу керек.

Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) таалиминин өзгөчөлүгүн байкайбыз. Ал бир нерсеге тыюу салса, тыюу салынбаган жолун кошо айтчу.

التصنيفات

Ыплас нерселерди тазалоо, Ажет өтөөнүн адептери