?Менден бир аят болсо да жеткиргиле. Бану-Исраилдин окуяларын айта бергиле, анда эч кандай күнөө жок. Ким менин атымдан атайылап жалган айтса, анда тозоктон жайын…

?Менден бир аят болсо да жеткиргиле. Бану-Исраилдин окуяларын айта бергиле, анда эч кандай күнөө жок. Ким менин атымдан атайылап жалган айтса, анда тозоктон жайын даярдай берсин

Абдулла бин Амр, радыяллаху анхума, риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Менден бир аят болсо да жеткиргиле. Бану-Исраилдин окуяларын айта бергиле, анда эч кандай күнөө жок. Ким менин атымдан атайылап жалган айтса, анда тозоктон жайын даярдай берсин».

[Сахих (ишенимдүү)] [Бухари жазып калтырган.]

الشرح

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, өзүнүн атынан Куран же сүннөт илимдерин, ал бир аят же бир хадис болсо да жеткирүүгө буйруп жатат. Аларды элге жеткирүүдө эмнени жеткирип жатканын жана эмнеге чакырып жатканын билүүсү шарт. Андан соң Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Бану-Исраилдин шариятыбызга каршы келбеген окуяларын айтуунун зыяны жок экенин баяндады. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, жалган айтуудан тыйды. Ким анын атынан атайылап жалган айтса, анда өзүнө тозоктон жайын алып коёо берсин».

فوائد الحديث

Аллахтын шариятын жеткирүүгө кызыктыруу. Албетте бир адам аз болсо да түшүнгөн жана жаттаган нерселерин башкаларга жеткирүүсү керек.

Аллахка туура ибадат кылуу үчүн жана шариятты туура жеткирүү үчүн дин илимин үйрөнүү важип.

Хадисте келген катуу эскертүүгө кирип калбоо үчүн хадисти жеткирерден алдын же жайылтуудан алдын анын сахих (туура) экенин тактоо важип.

Айрыкча, Аллахтын динине тиешелүү сөздөрдө жалганга түшүп калбоо үчүн сүйлөгөндө чынчыл болууга жана абайлап сүйлөөгө үндөдү.

التصنيفات

Сүннөттүн орду жана зарылдыгы, Сүннөттүн орду жана зарылдыгы, Аллахка чакыруунун өкүмү, Аллахка чакыруунун өкүмү