Жебреил периште мага кошуна жөнүндө «мен кошуна да мурас алат экен» деп мен ойлоп калганга чейин насаат айтып жатты

Жебреил периште мага кошуна жөнүндө «мен кошуна да мурас алат экен» деп мен ойлоп калганга чейин насаат айтып жатты

Ибн Умар, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Жебреил периште мага кошуна жөнүндө «мен кошуна да мурас алат экен» деп мен ойлоп калганга чейин насаат айтып жатты".

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Жебреил периште Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, кайра-кайра кайталап, үйгө жакын жайгашкан кошунасына, мусулманбы же каапырбы, тууганбы же башкабы, анын акысын сактап, ага зыян келтирбестен, ага жакшылык кылып жана анын зыянына сабыр кылып, кам көрүүнү буйруп жатканын кабарлап жатат. Жебреил периште Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, кошунанын акысын сыйлаш керек деп ойлогонго чейин кайра-кайра кайталады. Жебреил периштенин кайра-кайра кайталоосу өлгөндөн кийин кала турган кошунасынын мал-мүлкүнөн мурас берилээрине вахий түшөт деген ойду пайда кылды.

فوائد الحديث

Кошунанын укугун урматтоо жана анын укугун сактоо керек.

Осуят жазып жатканда кошунанын укугун баса белгилеп, аны урматтоону, жакшы көрүүнү жана жакшылык кылууну, андан жамандыкты кайтарууну, ооруганда зыярат кылууну, кубанычтуу болгондо куттуктоону, балээге кабылганда көңүл айтууну осуят кылуу зарылчылыгы талап кылынат.

Кошунанын эшиги канчалык жакын болсо, анда ал ошончолук акылуу болот.

Ислам шариятынын кемчиликсиздиги коомчулуктун арасында кошуналарга жакшылык кылууда жана аларды жамандыктан сактоодо да келген.

التصنيفات

Элдештирүү жана кошунага тиешелүү өкүмдөр