Кыямат күнү ыймандуу адамдын таразасына салмак боло турган жакшы кулк-мүнөздөн өткөн оор нерсе жок. Чынында, Аллах бузуку жана богооз адамдарды жаман көрөт

Кыямат күнү ыймандуу адамдын таразасына салмак боло турган жакшы кулк-мүнөздөн өткөн оор нерсе жок. Чынында, Аллах бузуку жана богооз адамдарды жаман көрөт

Абу Дарда (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Кыямат күнү ыймандуу адамдын таразасына салмак боло турган жакшы кулк-мүнөздөн өткөн оор нерсе жок. Чынында, Аллах бузуку жана богооз адамдарды жаман көрөт".

[Ат-Тирмизи жазып калтырган.]

الشرح

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кыямат күнү ыймандуу адамдын таразасына салмак боло турган иштердин жана сөздөрдүн эң оору - жакшы кулк-мүнөз экенин айткан. Жакшы кулк-мүнөз - бул, жарык маанай, эч кимге зыян тийгизбөө, жакшылыкты көп кылуу ж.б. Аллах Таала иши жана сөзү бузук адамдарды жана сүйлөгөн сөзү башкаларды иренжите турган адамдарды жакшы көрбөйт.

فوائد الحديث

Жакшы кулк-мүнөздүн артыкчылыгы (көп); анткени, жакшы кулк-мүнөздүн ээси Аллахтын сүйүүсүнө, пенделердин сүйүүсүнө ылайыкту болот. Кыямат күнү таразада салмак болот.

التصنيفات

Мактоого татыктуу ахлактар, Сүйлөө жана жым отуруунун адептери