Абдулла бин Амр, радыяллаху анху, риваят кылат: Мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдан, укканымдын бардыгын жаттагым келип жаза берчүмүн. Ошондо Курайштыктар мени тыйып: "Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдан, эшиткениңдин баарын жаза бересиңби? Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, да пенде, кээде ачууланып, кээде ыраазы болуп сүйлөйт го" - дешти. Ошондо мен жазууну токтоттум да аны Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламга, айттым. Ал сөөмөйү менен оозун көрсөтүп: "Жаз, анткени менин жаным колунда болгон Затка ант болсун! Мындан акыйкаттан башка эч нерсе чыкпайт" - деди.

[Сахих (ишенимдүү)] [Абу Дауд жазып калтырган.]

الشرح

Абдулла бин Амр, радыяллаху анху, айтты: "Мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдан, укканымдын баарын жазуу түрүндө сактап калуу үчүн жазчумун. Бирок Курайш уруусундагы кишилер тыюу салышты да мага: "Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, да пенде. Кээде ачууланып, кээде ыраазы болуп сүйлөйт. Кээде ката кетириши мүмкүн" - дешкенде жазууну токтоттум. Ошондо мен Пайгамбарга, саллаллаху алейхи уа салламга, алардын айткандарын айттым. Ал сөөмөйү менен оозун көрсөтүп: "Жаз, анткени менин жаным колунда болгон Затка ант болсун! Мындан бардык абалда, ачууланып турган абалда да, ыраазы болуп турган абалда да, акыйкаттан башка эч нерсе чыкпайт" - деди. Чындыганда, Аллах Таала Өзүнүн пайгамбары, саллаллаху алейхи уа саллам, жөнүндө мындай деген: "Ал өз каалоосу менен сүйлөбөйт. Чындыгында, ал (сүйлөгөн нерсе) түшүрүлгөн вахийден (8) башка нерсе эмес".

فوائد الحديث

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ыраазы болсо да, ачууланганда да Раббисинен жеткирген нерсесинде күнөөсүз (катасыз).

Сахабалар, Аллах алардан ыраазы болсун, сүннөттү жаттап, аларды жеткирүүгө ынтызар болушкан.

Бир ишти бекемдеп ырастоодо да ант ичүүгө болот.

Илимди жазуу - илимди сактоонун эң маанилүү себептеринин бири.

التصنيفات

Сүннөттүн орду жана зарылдыгы, Сүннөттүн орду жана зарылдыгы, Пайгамбардын сүннөтүн жазуу, Пайгамбардын сүннөтүн жазуу, Биздин пайгамбарыбыз Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун), Биздин пайгамбарыбыз Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун)