?Ким бир коомго өзүн окшотсо, анда ал ошолордон

?Ким бир коомго өзүн окшотсо, анда ал ошолордон

Ибн Умар, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте, ал айтты: Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Ким бир коомго өзүн окшотсо, анда ал ошолордон».

[Хасан (жакшы)] [Абу Дауд жазып калтырган.]

الشرح

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, кимде-ким каапыр, бузуку же жакшы бир коомго өзүн окшотуп, аларга тиешелүү болгон акыйдаларынан, ибадаттарынан же үрп-адаттарынан бир нерсени аткарса, анда ал алардан болот. Анткени аларга өзүн-өзү сыртынан окшотуу алардын ички дүйнөсүнө да окшошуп калууга алып барат. Адамдарды тууроо аларга суктануунун натыйжасы экени талашсыз. Бул аларды сүйүүгө, аларды улуулоого, аларга таянууга алып келиши мүмкүн. Ал тургай ички ишениминде да жана ибадатта да аларга окшошууга алып келиши мүмкүн. Аллах андай болуудан сактасын.

فوائد الحديث

Каапырларга жана бузукуларга өзүн окшоштурууга тыюу салды.

Өзүн саалих адамдарга окшотууга жана алардан үлгү алууга үндөдү.

Сыртынан ага окшошуу анын ички дүйнөсүн сүйүүнү пайда кылат.

Адам өзүн бузукуларга окшотуу жана анын түрүнө жараша күнөөгө жана азапка дуушар болот.

Каапырларды дининде жана алардын өзгөчө үрп-адаттарында аларга окшошууга тыюу салынган. Ал эми кол өнөрчүлүк жана башка ушул сыяктуу нерселерди үйрөнүүгө тыюу салынган эмес.

التصنيفات

Тыюу салынган окшоштуруулар