إعدادات العرض
Зыян тартуу жок жана зыян берүү да жок. Ким зыян келтирсе, анда Аллах ага зыян келтирет. Ал эми ким машакат жаратса, анда Аллах аны машакатка салып коёт
Зыян тартуу жок жана зыян берүү да жок. Ким зыян келтирсе, анда Аллах ага зыян келтирет. Ал эми ким машакат жаратса, анда Аллах аны машакатка салып коёт
Абу Саид аль-Худри (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Зыян тартуу жок жана зыян берүү да жок. Ким зыян келтирсе, анда Аллах ага зыян келтирет. Ал эми ким машакат жаратса, анда Аллах аны машакатка салып коёт».
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español Français Indonesia Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी ئۇيغۇرچە Kurdî Hausa Português മലയാളം తెలుగు Kiswahili فارسی தமிழ் မြန်မာ Русский Deutsch 日本語 پښتو Tiếng Việt অসমীয়া Shqip Svenska Čeština ગુજરાતી Yorùbá Nederlands සිංහල دری Fulfulde Magyar ಕನ್ನಡ Lietuvių or Română Kinyarwanda Српски O‘zbek Moore नेपाली тоҷикӣ Oromoo Wolof Soomaali Български Українська Azərbaycan ქართული Bambara Македонски Ελληνικά ភាសាខ្មែរ አማርኛ Malagasy ไทย मराठी ਪੰਜਾਬੀ Lingala Italiano ms Kirundi kmrالشرح
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өзүнө жана башкаларга зыяндын ар кандай түрлөрүнөн жана көрүнүштөрүнөн сактануу керек экенин баяндады. Ошондуктан кимдир бирөө өзүнө да, башкаларга да зыян келтириши туура эмес. Зыян менен зыяндын ордун толтуруу туура эмес. Анткени зыянды зыян менен кетирүү болбойт. Бирок зыянды чектен чыкпаган касас (1) менен жоюуга болот. Андан кийин Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдарга зыян келтиргендерге зыяндын азабы болоорун, адамдарга катаал болгондор үчүн кыйынчылыктын азабы болорун баяндады.فوائد الحديث
Жазага тартылгандарды чегинен ашыра жазалоого тыюу салынат.
Аллах пенделерине зыяндуу нерселерди кылууга буйруган эмес.
Сөз менен же кыймыл аракет менен же мамиле кылбай таштап коюу менен зыян тартууга жана зыян келтирүүгө тыюу салынат.
Иш-аракеттин түрүнө жараша жаза болот. Ошондуктан ким зыян келтирсе, анда Аллах ага зыян берет. Ал эми ким машакат жаратса, анда Аллах аны машакатка салып коёт».
Шарият эрежелеринин бири: “Зыян жок кылынат”. Ошондуктан шарият зыян тартууга жол бербейт жана зыян келтирүүнү четке кагат.
التصنيفات
Фыкх жана усулдук эрежелер