Менин үммөтүмдөн баш тарткандардан башкасынын баары бейишке кирет. Ошондо: «Оо, Аллахтын Элчиси, ким баш тартат?» - деп айтышат. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы…

Менин үммөтүмдөн баш тарткандардан башкасынын баары бейишке кирет. Ошондо: «Оо, Аллахтын Элчиси, ким баш тартат?» - деп айтышат. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Ким мага моюн сунса, Бейишке кирет. Ким мага моюн сунбаса, анда баш тарткан болот» - деп айтты

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Менин үммөтүмдөн баш тарткандардан башкасынын баары бейишке кирет. Ошондо: «Оо, Аллахтын Элчиси, ким баш тартат?» - деп айтышат. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Ким мага моюн сунса, Бейишке кирет. Ким мага моюн сунбаса, анда баш тарткан болот» - деп айтты».

[Сахих (ишенимдүү)] [Бухари жазып калтырган]

الشرح

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үммөтүнүн тыйылгандардан башкасынын баары бейишке кире турганын кабарлап жатат. Сахабалар: «Ким бейишке кирүүдөн тыйылат, эй Аллахтын Элчиси?» - деп сурашат. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аларга мындай деп жооп берди: Ким Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) моюн сунса, ээрчисе жана ага баш ийсе, бейишке кирет. Ал эми кимде-ким шариятка моюн сунбаса жана баш ийбесе, анда жаман иш-аракеттери себебинен бейишке кирүүсүнө тыюу салынат.

فوائد الحديث

Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) моюн сунуу – Аллахка моюн сунуу. Ал эми ага баш ийбөө – Аллахка баш ийбөө болуп саналат.

Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) баш ийүү бейишке алып барат. Ал эми ага баш ийбөө тозокко алып барат.

Бул үммөттүн моюн сунуучулары үчүн сүйүнчү. Аллахка жана Анын элчисине баш ийбегендерден башкасынын баары бейишке киришет.

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үммөтүнө боорукер болгон жана аларга туура жолду көрсөтүүгө катуу умтулган.

التصنيفات

Биздин пайгамбарыбыз Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун)