Оо, Аллах! Кимде-ким менин үммөтүмдүн иштерин башкарып, аларды кыйнаса, анда ага кыйынчылык бер. Кимде-ким менин үммөтүмдүн иштерин башкарып, аларга жылуу мамиле…

Оо, Аллах! Кимде-ким менин үммөтүмдүн иштерин башкарып, аларды кыйнаса, анда ага кыйынчылык бер. Кимде-ким менин үммөтүмдүн иштерин башкарып, аларга жылуу мамиле кылса, анда ага боорукерлик кыл

Аиша (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) риваят кылган хадисте мындай деп айтты: Мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менин үйүмдө минтип айтканын уктум: «Оо, Аллах! Кимде-ким менин үммөтүмдүн иштерин башкарып, аларды кыйнаса, анда ага кыйынчылык бер. Кимде-ким менин үммөтүмдүн иштерин башкарып, аларга жылуу мамиле кылса, анда ага боорукерлик кыл».

[Сахих (ишенимдүү)] [Муслим жазып калтырган]

الشرح

Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулмандын иштерин башкарган адам жаш болсун же улгайган болсун, алардын баарына дуба кылды. Жана бул башкаруу жалпы башкаруу болсун же жеке башкаруу болсун, ал башчы аларга жылуу мамиле кылбай машакат туудурган болсо, анда Аллах таала аны кылган ишине жараша машакатка салып коёт. Кимде-ким аларга жылуу мамиле кылса жана алардын иштерин жеңилдетсе, анда Аллах ага боорукерлик кылат жана анын иштерин жеңилдетет.

فوائد الحديث

Кимде-ким мусулмандардын кайсы бир иштеринде башчылык кылса, анда колунан келишинче аларга жылуу мамиле кылышы келек.

Иш-аракеттердин түрүнө жараша сооп-сыйлык же жаза болот.

Жылуу мамиле же катаал мамиле деп эсептелген мамилелердин чен-өлчөмү Куранга жана сүннөткө каршы келбеши керек.

التصنيفات

Чоң имамчылыктын шарттары, Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) боорукерлиги