Курандын артыкчылыктары

Курандын артыкчылыктары

6- Аллах таала айтты: "Намазды Менин жана пендемдин ортосунда экиге бөлдүм, ошондой эле пендеме сураган нерсеси (берилет). Эгерде пенде: "Альхамду лиллахи Роббиль ааълямиин" - деп айтса, Аллах айтат: "Пендем Мага шүгүрлөрдү айтты". Эгерде пенде: "Ар-Рахманир Рахийм" - деп айтса, Аллах айтат: "Пендем Мага мактоолорду айтты". Эгер пенде: "Маалики яумуддиин" - деп айтса, Аллах айтат: "Пендем Мени улуктады". Эгерде пенде: "Иййака наьбуду ва иййака настаьийн" - деп айтса, Аллах айтат: "Бул Мени менен пендемдин ортосундагы (нерсе) жана Пендеме сураган нерсеси (берилет)". Эгерде пенде: "Ихдинас сиротоль мустакийм. Сиротоль лязиина анъамта аълайхим гойриль магдууби алайхим уа ляд-дооооллиин" - деп айтса, Аллах айтат: "Бул пендем үчүн, пендеме сураган нерсеси (берилет)

10- Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ар күнү түнү уктаганда эки колун бириктирип, анан аларга үйлөп: «Айткын! Ал Аллах жалгыз» деп башталган Ихлас сүрөөсүн, «Айткын! Таңдын Раббиси менен коргоном» деп башталган Фалак сүрөөсүн жана «Айткын! Адамдардын Раббиси менен коргоном» деп башталган Наас сүрөөсүн окучу. Анан колдору менен башына, жүзүнө жана денесинин алдынан баштап колу жеткен жерге чейин сүртөт эле. Ал муну үч жолу кылчу