Акыйда (ишеним) - الصفحة 2

Акыйда (ишеним) - الصفحة 2

16- Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, Аль-Худайбияда жамгыр жааган түнү биз менен бирге багымдат намазын окуду. Ал намаздан кийин элге кайрылып: «Раббиңер эмне дегенин билесиңерби?» - деди. Алар: «Аллах жана Анын Элчиси жакшы билет» - деп айтышты. Пайгамбар айтты: «Раббиңер: Менин пенделеримдин арасынан Мага ыйман келтиргени жана Мага каапыр болгону бар» - деди . Кимде-ким: «Бизге Аллахтын пазилети жана ырайымы менен жамгыр жаады» деген болсо, анда алар Мага ыйман келтирди жана жылдыздарга каапырлык кылышты. Ал эми: «Бизге баланча же түкүнчө жылдыздын таасиринен жамгыр жаады» деген болсо, анда ал Мага каапыр болду жана жылдыздарга ыйман келтирди» - деп айтты.*@

28- Күн батыштан чыкмайынча, Кыямат болбойт. Качан күн батыштан чыкканда аны адамдар көрүшүп баары ыйман келтиришет. Мына ошол ушул аятта айтылган убакыт: «Эгерде мурда ыйман келтирбеген болсо же ыйманы менен жакшылык таппаса, анда ал кезде анын ыйман келтиргени ага пайда бербейт». (Анаам, 158) Кыямат келгенде эки адам кийимдерин сатууга коюшат, бирок алар аны сата албай калышат жана кайра бүктөп ала алышпайт. Кыямат келгенде бир адам төөнүн сүтүн саап келет, бирок иче албай калат. Кыямат келгенде бир адам суу куйганы чуңкурун жасап чыгат, бирок ага суу толтура албай калат. Кыямат келгенде силерден бирөө тамагын оозуна алып барат, бирок аны жей албай калат

33- Мен: «Оо, Аллахтын Элчиси, Хауддун идиштери кандай болот?» - деп айттым. Ал айтты: «Мухамматтын жаны Анын колунда болгон Затка ант болсун! Хауддун идиштери - караңгы түндө чыккан асмандагы жылдыздардын жана планеталардын санынан көп чыгат. Ошондой эле бир адам бейиштеги идиштерден суусундук ичкен учуру - анын акыркы суусагандыгы болот. Хаудка бейиштин эки булагы келип куюлат, андан ичкен адам эч суусабайт. Хауддун узуну менен туурасы бирдей аралыкта. Аммандан Айла шаарына чейинки аралыкта болот. Анын суусу сүттөн ак, балдан таттуу болот».*@

34- Өлүм ала түстүү кочкордун кейпиндей болуп алып келинет. Ошондо бир чакыруучу: «Эй, бейиш ээлери» - деп чакырат. Алар баштарын көтөрүп карап калышат. Ошондо ал: «Силер муну билесиңерби?» - дейт. Алар: «Ооба, бул өлүм» - дешет, аны баары көрүшөт. Анан ал: «Эй, тозок ээлери» - деп чакырат. Алар баары баштарын көтөрүп карашат. Ал: «Силер муну тааныйсыңарбы?» дейт. Алар: «Ооба, бул өлүм» - дешет, аны баары көрүшөт. Ошондо аны союп: «Эй, бейиш ээлери! Түбөлүкө каласыңар, өлүм жок» – деп айтат. Эй, тозок ээлери! Түбөлүкө каласыңар, өлүм жок» - деп бул аятты окуду: «Аларды зыянга учураган күн менен эскерткин. Алар капылет абалда болгон учурда Кыямат болот» (Мариям: 39) Дүйнө ээлери алар ушундай капылетте болушат. «Алар ыйман келтиришпейт» - деген аятты окуду.

39- Биз Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, менен мечитте отурганыбызда, бир киши төө минип келип, мечиттин жанына коюп, анан аны байлап бизге: «Силердин кимиңер Мухаммад?» - деди. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, алардын артында жөлөнүп жаткан эле, биз: «Бул — чалкасынан жаткан ак адам» - дедик. Ал киши ага: «Оо, Ибн Абдулмутталиб!» - деп кайрылды. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ага: «Мен сага жооп берейин» - деди. Ал киши Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга: «Мен сенден суроо сураймын жана бул суроодо катаалмын. Андыктан өзүңө катуу албайсыңбы?» – деди. Пайгамбар: «Каалаган нерсеңи сура» - деди. Ал айтты: «Сенин Раббиң жана сенден мурункулардын Раббисине ант болсун! Аллах сени бардык адамдарга жибердиби?». Пайгамбар: «Оо, Аллахым, ооба» - деп айтты. Ал айтты: «Аллахтын аты менен касам ичип айтам, күндүзү жана түнү Аллах сага беш убак намаз окууну буйрудубу?» Пайгамбар: «Оо, Аллахым, ооба» - деп айтты. Ал айтты: «Аллахтын аты менен ант ичип айтам, Аллах бизге жылдын ушул айында орозо кармоону буйрудубу?» Пайгамбар: «Оо, Аллахым, ооба» - деп айтты. Ал айтты: «Аллахтын аты менен ант ичип айтам, Аллах сага бул садаканы байларыбыздан алып, кедейлерибизге бөлүштүрүүнү буйрудубу?» Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам: «Оо, Аллахым, ооба» - деп айтты. Ал киши: «Мен сен алып келген нерсеңе ишендим жана мен өзүмдүн элиме элчи болоюн. Мен Димам бин Салаба, Бани Саад бин Бакр уруусунанмын» - деп айтты.@

40- Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бир нерсени айтып: «Ал илим жок боло турган кезде болот» - деди. Мен айттым: «Оо, Аллахтын Элчиси, илим кандай жок болот. Биз Куран окуйбуз, балдарыбызга да окутабыз жана балдарыбыз да балдарына окутушат. Ушинтип Кыяматка чейин окубайбызбы?». Ал айтты: «Апаң сени жоготкур Зияд! Мен сени Мадинадагы илимдүү кишилерден деп билемин. Чындыгында, яхудийлер жана христиандар Тоорат менен Инжилди окушат эмесби, бирок андагы нерселердин бирин да аткарышпайт?!

44- «Бир адам Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, алдына келип: «Оо, Аллахтын Элчиси, менде кулдарым бар, алар мага жалган айтышат, мага кыянат кылышат жана менин сөзүмдү угушпайт. Алардын алдында менин абалым кандай болот» - деп сурады. Пайгамбар айтты: «Сага кыянат кылгандары үчүн, сага баш ийбегендиги жана сага калп айткандары үчүн сен аларга берген жазаңа татыктуу болушат. Эгерде аларга берген жазаң алардын күнөөлөрүнө жараша болсо, бул аларга жетиштүү болот. Сенин пайдаңа да жана зыяныңа да болбойт. А эгерде аларга берген жазаң алардын күнөөлөрүнөн азыраак болсо, анда сага артыкчылык болот. А эгерде жазаң алардын күнөөлөрүнөн көбүрөөк болсо, анда алар сенден өчтөрүн алышат. Ошондо ал киши четке чыгып, үнүн чыгара ыйлай баштады. Анда Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, ага: «Сен Аллахтын Китебинде: «Кыямат күнү адилеттүүлүк таразасын коёбуз, ошондо эч бир жанга зулумдук кылынбайт» - деген аятын окубадыңбы?» - деп айтты. Ал киши: «Оо, Аллахтын Элчиси, Аллахка ант болсун! Мен өзүм үчүн да, алар үчүн да алардан бөлүнүүдөн артык эч нерсе таба албайм. Күбөлүк берем алардын баары азат» - деп айтты».*@

46- «Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, амекисине: «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок деп айтыңыз. Кыямат күнү мен сизге күбө болом» - деп айтканда, ал айтты: «Эгерде Курайш башчылары «бул өлүмдөн коркуп келимени айтты» дешип жемелөөлөрү болбогондо, анда мен сенин көзүңдү сүйүнтмөкмүн». Ошондо Аллах бул аятты түшүрдү: «Чындыгында, сен жакшы көргөн адамыңды туура жолго алып келе албайсың. Бирок Аллах каалаган пендесин туура жолго алып келет». (Касас, 56)*@

47- Көп киши өлтүргөн, көп зына кылган кээ бир мушриктер Мухаммад, саллаллаху алейхи уа салламга, келишип: "Чындыгында, сенин айтканың жана чакырганың жакшы. Бизге кабар берчи. Биз аткарып койгон нерселердин каффараты барбы?" - дешти. Ошондо бул аяттар түштү. Аллах таала айтты: "Алар Аллахтан башка кудайларга дуба кылышпайт, Аллах өлтүрүүгө тыюу салган жанды укуксуз (шарияттын талаптарысыз) өлтүрүшпөйт. Акысы (өчү) бар болгондо гана (өлтүрүүсү адал болот). Алар зына кылышпайт.(Фуркан сүрөөсү, 68-аят). Аллах таала айтты: "(Оо, Мухаммад, Менин пенделериме) айт: "Оо, Менин, өздөрүнө ысырап кылып (көп күнөө) кылган пенделерим! Аллахтын ырайымынан үмүтсүз болбогула!". (Аз-Зумар сүрөөсү, 53).@*

48- "Чындыгында, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Сабит бин Кайсты жоктоп, ал жөнүндө сураганда, бир киши: "Оо, Аллахтын Элчиси! Мен сизге анын кабарын билип беремин" - деди. Ошентип ал Сабит бин Кайс үйүндө башын ылдый кылып капаланып олтурганын көрүп: "Абалың кандай?" - деп сурады. Сабит ага: "Жаман нерсе болду" - деп айтты. Анткени Сабит үнүн Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, үнүнөн өйдө көтөрүп сүйлөп койгон эле. Ошондуктан ал өзүн тозок ээлеринен дейт эле. Ошондо ал киши Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, кайтып келип, Сабит бин Кайстын абалын айтып берди. Анан ал киши Сабит бин Кайска кийинки жолу чоң кабар менен кайтып барды. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ал кишиге: "Ага барып айткын: Сен тозок ээлеринен эмессиң, тескерисинче, бейиш ээлериненсин» - деди".@

51- Мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдан, укканымдын бардыгын жаттагым келип жаза берчүмүн. Ошондо Курайштыктар мени тыйып: "Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдан, эшиткениңдин баарын жаза бересиңби? Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, да пенде, кээде ачууланып, кээде ыраазы болуп сүйлөйт го" - дешти. Ошондо мен жазууну токтоттум да аны Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламга, айттым. Ал сөөмөйү менен оозун көрсөтүп: "Жаз, анткени менин жаным колунда болгон Затка ант болсун! Мындан акыйкаттан башка эч нерсе чыкпайт" - деди. @

53- Усман бин Абу аль-Аас, радыяллаху анху, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, келип: "Оо, Аллахтын Элчиси, мен намазда Куран окуп жатканымда шайтан аралашып, мени адаштырууга аракет кылып жатат" - деди. Ошондо Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: "Бул "Ханзаб" деп аталган шайтан. Эгерде аны сезсең, анда Аллахтан андан коргоо тилегин жана үч жолу сол тарабыңа түкүргүн". Усман бин Абу аль-Аас, радыяллаху анху, айтты: "Ошондо мен ушундай кылдым, Аллах Таала аны менден кетирди".@*